• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” ишканасынын директору болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 12-декабрдагы буйругуна ылайык, Кадырбек Нурмамбетов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тариэль Жаныбеков дайындалды.

Белгилей кетсек, Кадырбек Нурмамбетов өз каалоосу менен арыз жазган.

Пикир

Оставить комментарий