Тармактык комитет 2020-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун 1-окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйыны болуп, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Келерки жылдын бюджетин талкуулоого КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган Өкмөт мүчөлөрү катышты.

Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева менен экономика министри Санжар Муканбетов маалымат беришти. Баяндамачылар мыйзам долбоору узак мөөнөттүү туруктуу бюджетти камсыз кылуу жана 2020-2022-жылдары бюджеттик процессти натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккандыгын баса белгилешти.

Берилген маалыматка ылайык, мамлекеттик инвестициялапрдын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом суммада болжолдонгон. Бул ички дүӊ продукциянын (ИДП) 27,5% деӊгээлинде.

2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом суммасында же ИДПнын 24,5%ында каралууда. Келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деӊгээлинде белгиленген (ИДП 26%). 2020-жылга республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДПнын 1,5%ын түзөт.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар Аалы Карашев менен Мыктыбек Абдылдаев өлкөнүн 2020-жылда күтүлүүчү экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маселелерге кызыгышты. Экономика министри С.Муканбетов 2019-жылы экономикада оӊ динамика болгонун, ал 2020-жылы дагы күтүлөөрүн билдирди.

Депутат Алтынбек Сулайманов ички карыздын көлөмүнүн өсүшү, республикадагы товарлардын импорту менен экспортунун көлөмдөрүнүн кыскарышы жөнүндө маселелердим козгоду. Ал ваоюта рыногунда сомдун курсун искусстволук жол менен кармабоо керектигин кошумчалады. Депутаттар Мирлан Бакиров менен Кенжебек Бокоев көмүскөдөгү экономиканы чыгаруу механизмдерин билдиришти. Депутат Алмамбет Шыкмаматов республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын өткөн жылдардагыга салыштырмалуу 23 млрд сомдон 9 млрд 953 млн сомго чейин түшүүсүнүн себептерин сурады. «Республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын деӊгээли экономикалык өсүүнүн эсебинен түшүшү мүмкүн, бирок макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча мындай жагдай байкалбайт»,- дейт А.Шыкмаматов.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий