• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тармактык комитет Жогорку жана Конституциялык соттун башчыларынын отставкасын колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеевдин отставкасын колдоду.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов билдиргендей, Нургүл Бакирова менен Карыбек Дүйшеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Депутаттар алардын отставкасын бир добуштан колдоду.

Пикир

Оставить комментарий