• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралуу иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Судья кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, өкүмдү окуду.

Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле сот 247 миллион 650 миң сом айыппул салды.

Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салды.

Пикир

Оставить комментарий