• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Отурумда айыпталуучу Карыбаева суралды

Укук тартиби 0

Бишкек. 19.05.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Бүгүнкү соттук отурумда сот айыпталуучу М.А.Карыбаеваны суракка алды.

Андан соң аталган жазык иштин материалдарын изилдөөгө киришти.

Иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу соттук териштирүү 2020-жылдын 26-майы саат 14-00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий