Бишкек. 20.08.20. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда бүгүн мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өттү.
Соттук коллегия ишти карап чыгып, Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Айыпталуучу Сапар Исаков КРКЖКнин 319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча күнөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылып, 247 млн сом айып төлөп берет. Ал эми президенттин мурунку кеңешчиси Мира Карыбаева 304-б 1-б боюнча күнөлүү деп табылып, ага 260 миң айыппул салынган.
Жактоочулар Эшперов жана Автандил уулунун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.
Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.
Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.
Пикир
Оставить комментарий