Тарых музейинде экскурсия жана жаңы жылдык оюндар. Асел Чынбаева балдарды куттуктады

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдардын алдында Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын катышуусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир катар жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Улуттук тарых музейде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулук балаты майрамы болуп өттү. Бул иш-чара жакшы салтка айланып, Улуттук тарых музейинде экинчи жыл катары менен өтүп жатат. Балдар үчүн экскурсия жана жаңы жылдык оюндар уюштурулду.

Иш-чарага ата-энелер, Беловодск психоневрологиялык балдар үй-интернатынын өкүлдөрү жана балдар менен түздөн-түз иш алып барган жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле Республикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү борборунда окуучулар үчүн жаңы жылдык балаты өтүп, анда жомок каармандарынын катышуусунда оюн-зоок көрсөтүлдү. Мектепке чейинки даярдоо студияларында балдар көркөм сүрөт өнөрү, моделдөө жана көркөм кол өнөрчүлүк менен алектенишет, ошондой эле шахмат ойношот, англис тилин үйрөнүшөт жана робот техникаларын жасашат. Жаңы жылдык кечеде конокторго балдардын колунан жасалган кол өнөрчүлүк буюмдар тартууланды.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева өлкөнүн кенже жарандарын жана алардын ата-энелерин куттуктап, балдар Кыргызстандын келечеги экенин жана өлкө жетекчилиги аларга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, ар бир баланын кызыкчылыктары жана муктаждыктары сактала турган инклюзивдүү жана колдоочу чөйрө үчүн шарттарды түзүүгө көңүл бурулууда.

Асел Чынбаева президент Садыр Жапаровдун атынан балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Өз кезегинде ата-энелер жана балдар өлкө президенти Садыр Жапаровго жана Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө көңүл буруп, майрамдык маанай жаратып, балдарга кубаныч тартуулаганы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий