• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Тарыхы болбой, эл болбойт. Ата-бабаларды эскерүү күнү

Аналитика 0

Кыргызстан эгемендик алгандан бери узак убакыт бою Октябрь революциясынын юбилейи мамлекеттик деңгээлде белгилеп келген Борбордук Азиядагы жалгыз мурдагы советтик республика. Бул советтик майрам 2001-жылы парламенттин коммунисттик фракциясынын демилгеси менен эгемен Кыргызстандын мамлекеттик майрамдарынын календарына кайтарылган.

Салт боюнча 7-ноябрда республика боюнча коммунисттердин митингдери жана Лениндин эстеликтерине гүл коюу аземдери өтүп турчу. Бирок убакыттын өтүшү менен кыргыз коомчулугунда Октябрь революциясына болгон мамиле өзгөргөн. 2017-жылы республиканын жетекчилиги Октябрь революциясы күнүн жана Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп атоо чечимин кабыл алган.

Мындай чечим туура кабыл алынганын политолог, тарыхчы Табылды Акеров «Кабар» агенттигине берген маегинде тастыктады.

«Ленин, коммунисттик партия ойлогон ой-максаттар тарыхый реалдуулука туура келбей калды. Социализм менен капитализмдин ортосундагы күрөштө, капитализм жеңип чыкты. Азыр социалисттик же болбосо коммунисттик мамлекет курабыз деген идеялар актуалдуу болбой калды. Бирок ошого карабастан, өткөн доордо биздин ата-бабаларыбыз, көптөгөн чыгаан инсандар – Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев жана башка көптөгөн биздин мыкты, чыгаан инсандарыбыз кыргыз мамлекетин түптөөдө, мамлекеттин калыптанышына чоң салым кошкондугун эске алуу менен ушул күндү майрам катары калтыруу туура деп табылган.

Ошондуктан, бул күн тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Менимче, бул туура. Себеби, социалисттик идеялар же коммунизмди куруу идеялары туура эмес болуп калганы менен, баары бир бул биздин тарыхыбыз, ата-бабалардын баскан жолу. Кыргыз мамлекетин түптөөгө кошкон салымдары эч убакта, эч качан унутулбаш керек. Себеби, ошол инсандардын баары тең кийин 1933-1937-жылдары репрессияланып, баары тең атылып, ар кандай залал тартышкан, өмүрлөрү менен кош айтышкан. Мына биз ошолорду, тарыхты унутпашыбыз керек деген негизде ушул күндү майрам деп эсептейбиз”,-дейт Табылды Акеров.

1937-жылга чейинки эл оозунда Үркүн деп аталган кыргыз элинин тарыхый трагедиясы элдин аң-сезимдерине терең из калтырган. 1916-жылы кыргыз эли Орус падышачылык империясынын оторчулук саясатына каршы күрөшкө чыгып, натыйжада орус жазалоочу аскерлери тарабынан элдик кыймыл аёосуз басылып, эл Кытай тарапка аска-белди ашып качып, бөтөн жер, бөтөн элде азап менен тозоктун ортосунда калган. Ата-бабаларды эскергенде ушул Үркүндү эстешибиз керек.

Быйыл 25-июлда президент Садыр Жапаров “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Көп кылымдык тарыхый сыноолордон өткөн кыргыз эли ар кандай коомдук-саясий кризистерге туруштук берген дараметке ээ болуп, жалпы тарыхый процесске интеграцияланып жана дайыма өзгөрүүлөргө дуушар болуп өзүнүн жашоодогу туруктуулугун көрсөтө алды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттүүлүгү биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын аягында пайда болгондугу анык далилденди. Ошондон бери кыргыздар өнүгүүнүн бир катар этаптарынан өтүп, ар кайсы мезгилдерде мамлекеттик түзүлүштөргө ээ болуп келген.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов белгилегендей: "Кыргыз мамлекети жөнүндө сөз болгондо, биз ошондо гана мамлекет болуп калдык деп айтуу тарыхый, саясий, юридикалык жана моралдык жактан туура эмес. "Кыргыз мамлекетин жаңы доордо, жаңы форматта калыбына келтирүү" деген аныктаманы колдонуу туура. Анткени кыргыз мамлекеттүүлүгү адамзаттын тарыхынын тереңине – 7-13-кылымдарга барып такалат. Кыргыз каганаты адамзат тарыхында олуттуу из калтырган. 840-924 -жылдар аралыгындагы мезгилди советтик академик В.В.Бартольд "Кыргыздын улуу державасы" деп атаган.

Демек, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө, биз орто кылымдагы кыргыздардын гүлдөгөн мамлекетин курган Барсбек каганды, аны кыргыздын кыраан уулунун бири катары эскеришибиз керек.

Кыргыз элинин XIX кылымдагы коомдук, саясий жана аскер ишмери, Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы болуп келген. Бухара эмиратында жана Кокон хандыгында датка наамына ээ болгон. Орус императордук армиясынын полковниги (1876-жылдан тартып). Калк арасында: "түштүк ханышасы", "улуттун энеси" Курманжан датканы унутпашыбыз керек. Тарыхтын ар бир этабында жогору атап кеткендей мамлекеттик түзүлүштүн түптөөчүлөрү болгон элдин лидерлери чыккан.

Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу жыл сайын элге кайрылуу жасап келет. Президенттин милдетин аткаруучу болуп тургандагы кайрылуусунда мындай деген: „Тарыхы болбой, эл болбойт“ деп кеменгер элибиз илгертен даана, так айтып келген. Тарыхты билүү азыркыбызды аныктап, келечекке жол ачат. Бүгүнкү күндө тарыхыбыз дагы терең изилдөөлөрдү талап кылат. Окумуштуу илимпоздорубузга чоң тарыхый милдет жүктөлгөн. Келечек муундар тарых китептерибизден — биз ким элек, ким болдук, ким болобуз? деген суроолорго так жооп алуусу абзел. Бул бизди дүйнөлүк аренада эл катары орун ээлеп, өнүгүүбүзгө өбөлгө жаратат. Тарыхый эс-тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт. “Өткөндү эстебей, келечекке кадам таштай албайсың” деп элибиз бекеринен айтып келген эмес. Ушул Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү артты кылчайып карап, алдыга карай ой жүгүртүп, өткөн ата-бабаларыбыздын рухуна таазим этүү — биздин ыйык милдетибиз».

Ч.Айтматовдун чыгармасында тарыхый эстутум жана маңкуртчулук темасына басым жасалган. Жазуучу “Кылым карытар бир күн” романында эл тарыхына, элдин аң-сезиминде из калтырган тарыхый окуяларга кайрылат. Маңкурт бул жерде жоголгон адамдык кадыр-баркты билдирет, аны тарыхый тажрыйбаны түшүнүү аркылуу гана калыбына келтирсе болот. Айтматов тарыхый эстутум сабак алуу жана өткөн каталардын кайталанышына жол бербөө үчүн актуалдуу жана жандуу бойдон калуусу керектигин көрсөтөт. Анын эмгектеринде тарых жөн эле фон эмес, ал азыркы заманды гармонияга жана руханий кайра курууга умтулууну түшүнүүнүн ачкычы болуп калат.

Тарыхый эс-тутум инсандын жана бүтүндөй элдин өзүн-өзү аңдоосу, өзүнүн теги жана таандыктыгы жөнүндө билими, балалыктын таасирлерин, жакындарынын жана досторунун жүзүн, өзүнүн туулуп-өскөн дүйнөсүнүн жана элинин чөйрөсүнүн эскерүүлөрүн сактаган өчпөс образдарга айланат.

Президент Садыр Жапаров “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыгында инсандардын сиңирген эмгегин жана ролун таануу максатында министрлер кабинетине атайын токтом менен тапшырма берген. Ал токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окугандарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын эмгеги жөнүндө тиешелүү материалдар иштелип чыгат, ошондой эле бул тема боюнча илимий-практикалык конференциялар өткөрүлөт. Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-пропагандалык иштерди жүргүзүлөт.

«Өткөндү эстебеген, дүйнөдөгү ордун кайра аныктоо зарылдыгына туш болгон адам, өз элинин жана башка элдердин тарыхый тажрыйбасынан ажырап, өзүн тарыхый перспективасынын сыртында калып, азыркы күн менен гана жашап калат»,- деп жазган эле кыргыздын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов.

Демек, азыркы жана келечектеги каталардан коргонуу үчүн тарыхты билүү зарыл.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий