Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында күз-кыш мезгилине даярдык иштер кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында күз-кыш мезгилине даярдык иштер активдүү жүрүүдө.

"Электр станциялар" ААКтан билдиришкендей, аталган ГЭСтер каскадына Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтери кирет.

Учурда ГЭСтер каскадында 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүп, калкты электр энергиясы менен камсыздоо максатында активдүү иш алып барылууда.

Анын ичинен 13-майдан тарта Таш-Көмүр ГЭСинде ГА-2 гидроагрегатын жана Т-2 блогунун трансформаторун пландуу оңдоо иштери аткарылууда. ГЭСте ар бир негизги жана көмөкчү жабдыктарга кылдаттык менен ремонт жүргүзүлөт.

Шамалды-Сай ГЭСинде №2 гидроагрегатты капиталдык жана №2 блоктук трансформаторду пландык оңдоого чыгаруу башталууда. Кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн коюлган пландын алкагында негизги жана калган көмөкчү жабдыктарга оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Үч-Коргон ГЭСинде 2024-жылдын март айынан баштап ГА-4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери, апрель айынан тарта ГА-2 гидроагрегатын капиталдык оңдоо иштери башталган. Учуда көмөкчү жабдыктарды план боюнча оңдоо жана экинчи схемаларды профилактикалык калыбына келтирүү жана ГА-4 монтаждоо жана демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Таш-Көмүр ГЭСтер каскады (Таш - Көмүр, Шамалды - Сай, Үч - Коргон ГЭСтери) калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ноябрь айына чейин ремонттук иштери бүткөрүлүп, күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий