• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Таш-Көмүрдө шаардык соттун жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Таш-Көмүр шаардык сотунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, иш чарага Таш-Көмүр шаардык Аксакалдар кецешинин терагасы Жанышбек Багышбеков, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы Сагын Кудайбердиев, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Талант Мырзабеков, Таш-Көмүр шаарынын прокурору Санжар Илиясов, Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Момуналы Добулбеков, Таш-Көмүр шаардык УКМКнын башчысы Тимур Смайылов, Мамлекетгик салык кызматынын Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эмиль Абдижалилов жана Таш-Көмүр шаардык аскер комиссариатынын башчысы Авазбек Жанболотов катышышты.

Имараттын ачылышында сөз сүйлөгөн Медербек Сатыев бүгүн бир гана Таш-Көмүр шаары үчүн эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү күн болуп жаткандыгын айтты.

“Жаңы имаратта бардык шарттар эске алынган. Бүгүнкү күндө эки сот отурум залы, архив, балдар үчүн атайын бөлмө каралган. Мындан тышкары сот аткаруучулар менен сот приставдары жана адвокаттар үчүн дагы атайын бөлмөлөр бар.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус коюлганы белгиленди.

Төраганын айтымында мамлекет башчысынын колдоосу менен соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат. Жасалып жаткан аракеттердин баары өлкөбүздө адилеттүү сот тутумун калыптоо максатына арналган.

"Анткени, эл адилеттик издөөдө сотко гана чоң үмүт артат жана элдин үмүт тилеги мыйзамдуу чечимдер менен гана канааттандырылышы керек. Андыктан, Таш-Көмүр шаардык соту ак жолтой болуп, мыйзамдуу, негиздүү, акыйкат чечимдерди чыгарып, элдин ишенимин арттырууга болгон бардык аракеттерди көрөт деп ишенем”, - деп белгиледи Сатыев.

Белгилей кетсек, Таш - Көмүр шаардык соту буга чейин 1970-жылы салынган эски имараттын бир бөлүгүн гана ээлеп иштеп келишкен. Аталган имаратта кызматкерлер үчүн шарттар жок болгон жана бир гана сот отурум залы бар болчу.

Эми бул административдик эки кабаттуу имаратта 2 судья, 15 аппарат кызматкери эмгектенишет.

Жалпы аянты бир миң чарчы метрди түзгөн жаңы заманбап имаратты курууга 54 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий