Таш-Көмүрдө унаа жардан кулап кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Кечээ, 25-июлда саат 13:30дар чамасында Таш-Көмүр шаарында унаа жардан кулап кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Honda Civic үлгүсүндөгү унаанын 1966-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий