• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Камчыбек Ташиев: УКТ жана коррупцияга каршы күрөш улантылат (видео)

Коом 0


Бишкек, 02.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы да уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы күрөш улантылат. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук милициясына автоунааларды тапшыруу иш-чарасында билдирди.

Анын айтымына караганда, өлкөнү алдыга жылдыруу өңүтүнөн алып караганда 2023-жыл Кыргызстан үчүн жакшы жылдардан болду.

"Мында укук коргоо органдарынын ролу да абдан чоң болду. Биз 2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун "белин сындырдык". Мындан ары мамлекетте бандиттер, уюшкан кылмыштуу топтор, "авторитеттер" болбойт! Мамлекетибиз мыйзамдуу, укуктуу, эркин мамлекет болот. Уюшкан кылмыштуу топтордун кайсыл бир мүчөлөрү калган болсо, аларды биз 2024-жылы "тыптыйпыл" кылып жок кылабыз. Муну ачык айтышыбыз керек", - деп баса белгиледи Ташиев.

УКМК төрагасы 2023-жылы коррупцияга каршы күрөш жакшы жыйынтыгын бергендигин кошумчалады.

"Азыркы мезгилде мамлекеттик органдарда коррупцияга аралашам деген кызматкерлердин саны азайды. Жок болду десем да жаңылышпайм. Мындан ары да коррупцияга каршы күрөг уланат", - деди УКМК төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий