Ташиев: Чек ара чырынан жоготуулар да, жабыркагандар да көп

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жоготуулар да, жабыркагандар да көп. Бул тууралуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, чек аранын бардык тилкелеринде ок атуу башталган, Кыргызстан коңшу өлкөнүн чек арасына өткөн эмес.

"Биздин чек арабызга өтүп, чабуул жасашты. Анын мизин кайтаруу үчүн мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаландык. Бүгүн ок атууну токтотуу боюнча 3 жолу жолугушуу болду. Биринчисинде бир саат токтоттук, экинчисинде эки саат, бирок абал курчуп жатты. Бүгүнкү кечки саат 20:00дөн 23:00гө чейин ок атуу токтоду. Ок атуулар болгон жок. Бирок ошол эле мезгилде кырдаал оор. Түндө же эртең эмне болуп кетерине эч ким кепилдик бере албайт", - деди ал.

Ташиев ар бир жарым саатта тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүп тургандыгын айтты.

"Биз кырдаалды толук көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жатабыз. Азырынча баардык жерде ок атуу токтоду. Учурда бул жакта мени менен чогуу баардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, орун басарлары жүрөт. Эч кандай кооптонууга негиз жок. Кагылышууларда ар дайым жоготуулар болот экен. Биздин жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Канча жоготуу болгондугун тактап жатабыз. Бирок тилекке каршы, жоготуулар да, жарадар болгондор да көп. Ал эми жай тургундар арасындагы жоготуулар азыраак. Себеби аларды убагында эвакуацияладык", - деди Ташиев.

УКМК төрагасы чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары коопсуз аймакка чыгарыып, ал жакта бир гана аскер кызматкерлери калгандыгын кошумчалады.

"Эгерде кайрадан башталып кете турган болсо, анда алардын мизин кайтарууга, аягына чейин турууга баардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Биз баарын жасайбыз. Мамлекетибиздин аймагын толук бойдон коргойбуз, бул биздин түздөн-түз милдетибиз", - деп баса белгиледи Ташиев.

УКМК төрагасы жарандарды чагымчылдыкка алдырбоо, расмий маалыматтарга гана таянууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий