• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ташиев Чек ара кызматынын жаңы аскердик-техникалык жабдыктары менен таанышты. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнө барып, УКМКнын Чек ара кызматына сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Төраганын биринчи орун басары — УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Ташиевге чек араны кайтарууга алган тарамдарды камсыздоого алуунун алкагында ооруктук мүлк жана атайын техника алуу үчүн чек ара ведомствосуна республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүн баяндады.

Чек ара кызматынын тарамдарын камсыздоо иш-аракетинин алкагында бул сатылып алынган аскердик-техникалар чек ара тарамдарына жөнөтүлөт.

Өз кезегинде К.Ташиев өлкө жетекчилиги жана ведомство тарабынан УКМКнын Чек ара кызматынын алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий