• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ташиев мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартипке чакырды

Коом 0


Бишкек, 02.01.25. /Акназик Тургунбаева- Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасындагы кайрылуусунда бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартипке чакырды.

Ал өз сөзүндө мамлекет башчысынан кийин мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин куттуктоосу тартипке жатпастыгын белгиледи.

"Биз эми коомубузду өзгөртүшүбүз керек. Президент, спикер, министрлер кабинетинин башчысы элди куттуктасын, калган министрлер силер эмне куттуктап жатасыңар? Же силер эмне президенттен кыйын куттуктайсыңарбы? Бул нерсени токтотуш керек. Мамлекет башчысы куттуктадыбы, өкмөт жетекчиси куттуктадыбы болду ошол жетет. Жетекчибиз куттуктадыбы, баарыбыздын куттуктообуз ошонун ичинде”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий