Бишкек, 17.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кубанычбек Жумалиев мамлекетке каражатты акчалай жана мүлк иретинде төлөгөн.
“Анын ичинен 45 млн накталай төлөдү, ал эми мүлк иретинде 955 млн сомго бааланган Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун мамлекетке өткөрүп берди” , - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий