• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташиев: Сузактагы кырсыкта жабыркагандарга президенттик фонддон каражат бөлүндү

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.24. /Кабар/. Сузак районундагы жайлоодо кичи жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, жабыркаган балдардын дарылануусуна президенттин фондунан акча бөлүндү, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Ташиевдин айтымында, президент Садыр Жапаров бул ишти иликтөө маселесин УКМКнын төрагасына тапшырган.

"Жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын ар биринин дарылануусуна президенттик фонддон 200 миң сомдон бөлүндү. Орто даражадагы жаракат алгандар 50 миң сомдон алышат. Дарыгерлер кеңешинин чечими менен Бишкекке жеткирүүгө муктаж болгондорго учак каралган”, - деди Ташиев

Ошондой эле ал жабырлануучулардан кабар алганын, алардын абалы жакшы эмес экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий