• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ташиев жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык мелдешке катышкан кызматкерлерди кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ЖККУнун Башкы катчысынын Кубогу үчүн күч түзүмдөрүнүн арасында өткөн комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык турнирге катышкан УКМКнын 9-кызматынын аскер кызматкерлерин кабыл алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, мелдеш Россиянын Москва облусунун Одинцово районунда өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 7 медаль: 1 күмүш, 6 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунга чыкты.

УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери:

1. Команданын башкы машыктыруучусу “Калкан” атайын багыттагы башкармалыгынын улук офицери – У.Н.А;

2. Ж.А. – 3-орун.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери: А.Б.– 3-орун, А.О. –2-орун, Ж.у.М. – 3-орун, Ж.у.Э. – 3-орун, К.Д. –3-орун, К.М. – 3-орун, аталган кызматкерлердин сыйлыктары жайгашкан жери боюнча Баткен облусунда ыйгарылат.

УКМКнын төрагасы Ташиев мушкерлерди жеңиши менен куттуктап, аларга бекем ден соолук жана спорттук жетишкендиктерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ар бир аскер кызматчысы өз милдетине ишенимдүү болуп, улуттук коопсуздукту коргоодо кызмат кылышы керектиги белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында УКМК төрагасы өзгөчөлөнгөн спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий