• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ташкент менин көзүм менен

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Борбор Азиядагы ири шаарлардын бири Ташкентке болгон Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттеринин пресс-катчыларынын демилгеси менен уюштурулган пресс-турдун алкагындагы сапардын таасири, шаардагы көзгө урунган байкоолорум жана салыштырууларым менен бөлүшмөкчүмүн. Алгач эле Ташкент шаарынын тазалыгы, жол бойлой ирээттүүлүгү, бир типтеги унаалары жана шаарда жаштардын басымдуулугу көңүлүмдү бурду.

Жаштардын шаары

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечими менен Ташкент шаары 2024-жылы КМШнын жаштар шаары деп жарыяланганы да жөн жерден эмес. Себеби, расмий маалымат боюнча шаардын 3 миллиондон ашык калкынын жарымын 30 жашка чейинки жаштар түзүп, анын ичинде 18 жаштан 30 жашка чейинкилер жарым миллионго жакын. Өзбекстандын статистикалык агенттигинин 2024-жылдын январь айына карата маалыматы боюнча Ташкент шаарындагы туруктуу жашаган калктын жалпы саны 3 040,8 миң адамды түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 пайызга өскөн. Бизди коштоп жүргөн гид Азизабегим Азимованын айтымында, Ташкент шаары жетиштүү деңгээлде өнүккөн инфраструктурага ээ жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү, билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ташкенттин тазалыгы

Шаарда 3 миллиондон ашык эл жашаса да көчөлөрдүн, көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүшү, тазалыгы суктандырат. Таштандыны тазалаган жер эмес, таштанды ташталбаган жер таза дегендей, күндүзү да кечкисин да таштандыга толгон челектер, көчөлөрдө чачылган таштанды көзгө көрүнбөйт. Шаарды көрктөндүрүү тармагында 11 миңден ашуун адам иштесе, алардын ар бир төртүнчүсү көчөлөрдү тазалоо ишин аткараары маалымалды. Ташкенттин борбордук көчөлөрүнөн таштандыны ылгап салууга ылайыкталган урналарды көп байкоого болот. Ташкентте таштандыларды ылгап салуу боюнча аракеттер 2012-жылы башталып, акырындан ишке киргизилген. Бул багытта өлкөдө үч ири таштанды кайра иштетүүчү завод курулуп, пункттарда пластик жана айнек кабыл алынаарын гид Азизабегим Азимова билдирди. Аталган шаарда таштанды таштагандарга карата эскертүү андан кийинки кадам айып пул салуу да каралган.

Ташкенттин көчөлөрүндөгү совет союзу мезгилинде курулган үйлөр акталып, сырдалып бир типке келтирилгендиктен, борборго кошумча көрк берип тургандай. Бирок жаңы салынган бийик, заманбап имараттар, соода борборлору, турак үйлөр көз жоосун алып, Ташкентке экинчи жаңы жашоо берип тургандай. Биз бул багытта кошуналардан үлгү алсак болчудай. Мисалы Өзбекстанда "кайра иштетилүүчү", "кайра иштетүүгө жарабаган" жана "тамак-аш" категориялары боюнча сорттоо менен таштанды, калдыктар чогултулат. Ал эми Бишкекте шаардын бардык муниципалдык мектептеринде калдыктарды өзүнчө чогултууну киргизүү боюнча пилоттук долбоор 8 жыл мурун башталганы менен бүгүнкү күнгө чейин толук ишке аша элек. Кыргызстанда да таштандыларды ылгап ыргытуу көндүмүн жайылтуу, экологиялык маданиятты сактоо зарылчылыгын белгилесек болот.

Ата мекендик өндүрүштүү колдоо

Учурда Chevrolet Өзбекстандын аймагында чыгарылган белгилүү унаа бренди болуп саналат. Ушул жылдын биринчи кварталында ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча 91 миң жаңы унаа чыгарылса, биринчи үч орунду жалпы саны 55 миңден ашкан Chevrolet маркасындагы унаалар ээлеген. Бул сандарды Ташкенттин көчөлөрүнөн байкоого болот, анткени ата мекендик өндүрүштөн чыккан ак түстөгү унаалар шаар ичинде басымдуулук кылат. Өзбекстанда чет өлкөлөрдөн алынып келген автоунааны бажыдан өткөрүү процесси кымбат болгондуктан, өзбекстандыктардын көбү өздөрүндө өндүрүлгөн унааларды айдашаары белгилүү. Колдонулган чет элдик унаалар Өзбекстанга өтө аз санда импорттолуп, ата мекендик өндүрүштүү колдоо жакшы жолго коюлган.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бай жаратылышы, элинин меймандостугу менен айырмалаган Кыргызстаныбызда тазалыкты, туруктуулукту сактап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн ар бирибиз мекенчилдик сезим менен жан дилибизден кызмат кылсак.

Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий