• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ташкент метросундагы трагедиянын себеби белгилүү болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Ташкент метросунда алты адамдын өмүрүн алган трагедиялуу окуя курулуш учурунда долбоордун талаптары туура сакталбагандан улам келип чыккан. Бул тууралуу Өзбекстан Эмгек министрлиги кабарлады.

«Дубалдарды бекемдөө учурунда кемчиликтерге жол берилген. Мындан тышкары саркынды суу жана жамгыр топуракка аралашып кеткен. Натыйжада жер жумшак болуп калган», – деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, төрт үй-бүлөнүн ар бирине 261 миллион сум (27,5 миң доллар), дагы бир үй-бүлөгө 281 миллион сум (29,5 миң доллар) берилген. Мындан тышкары маркумдардын эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү ай сайын компенсация алып турмай болду.

2019-жылы 18-декабрда Юнусабад районундагы метро жолу курулуп жаткан аймакта жер көчүп, топурак алдында калган алты жумушчу набыт болгон.

Буга чейин метродо курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миллион сум (10,5 миң доллар) төлөп бергени маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий