Ташкент шаарында "Кыргызстандын даамы" аттуу иш-чара өттү

Экономика 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ташкент шаарында Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган "Кыргызстандын даамы" аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында кыргыз өндүрүүчүлөрү өз өндүрүшүнүн презентациялап, мүмкүнчүлүктөрүн сунушташты. Продукциялардын жогорку сапаты, табигыйлыгы жана экологиялык тазалыгы келгендердин кызыгуусун жаратты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Алмаз Темирбеков жана "Havas food" ЖЧКнын коммерциялык директору Пулат Мавляновдун кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум кыргызстандык өндүрүшчүлөргө Ташкент жана Ташкент облусунун рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк берет менен жаңы рынокторду ачат.

"Кыргызстандын даамы" иш-чарасын өткөрүү жана меморандумга кол коюу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Биз кыргыз продукциясы сапаты жана табигыйлыгы менен өзбек керектөөчүлөрүнүн купулуна толоруна ишенебиз", - деп билдирди Алмаз Темирбеков.

Иш-чарага Кыргызстандын 10го жакын алдыңкы ишканалары катышты. Анда Ташкент шаарынын жана Ташкент облустарынын ири соода тармактары жана башка ишкерлери кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий