• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Ташкент соода байланышынын жана маданиятынын жүрөгү болгон Чорсу базары

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Ташкент шаарында жайгашкан Чорсу базары Өзбекстандагы эле эмес, Борбордук Азиядагы ири базарлардын бири жана өзбек элинин маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Базар орто кылымдарда эле белгилүү болуп, Жибек Жолунун боюнда жайгашкандыктан соода, байланыш багытында бүгүнкү күнгө чейин чоң мааниге ээ.

Чорсу базарынын расмий аталышы "Эски Жува", "Эски мунара" дегенди түшүндүрөт. Түстүү керамикалык айнек менен капталган жети чоң куполдун астында жайгашып, ичинде жашылча-жемиш, таттуулардын түрлөрү сатылган катарлар орун алган. "Чорсу" базарынын заманбап архитектуралык түзүлүшү 1990-жылдары жаңыланып, диаметри 10-15 метр болгон куполдуу курулуштар курулган. Базардагы чыгыш таттуулары аталган жаңгактар, кургатылган жемиштер, татымалдар, акшактардын түрлөрү өзбек элинин эмгекчилдигин, күжүрмөндүгүн көрсөтүп, көз жоосун алат. Күзүндө жана кышында базар шамалдан калкаланып, жайында салкын болгондуктан, кандай аба ырайы болсо да бул жайда соода кылуу ыңгайлуу.

Белгилей кетсек, Чорсу базары Ташкенттин маданий мурастарынын бири катары аймактын экономикасында жана маданий турмушунда маанилүү орунда ээлеп, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду өзүнө тартып турат.

Ошентип, 2 миң жылдан ашык тарыхы бар Чорсу базары учурда Өзбекстандын негизги туристтик жайларынын бирине айланган. Пресс-турдун алкагында кыргыз журналисттери базардын жашоосу, калктын соода маданияты менен таанышып чыкты.

Ташкент шаарына келген коноктордун жана туристтердин агымы өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды жана ар бир элдин өзүнө тиешелүү болгон улуттук баалуулуктарын чыңдоонун бир бөлүгү болуп калууда.

Пикир

Оставить комментарий