• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган чыгармачылык кече өттү

Маданият 0

Ташкент, 20.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин демилгеси менен Ташкенттеги Борбор Азиянын Эл аралык институтунда "Чыңгыз Айтматов: адабий мурастардагы, философиялык жана саясий көз караштардагы доорлордун жана маданияттардын гармониясы" аттуу чыгармачылык кечеси уюштурулду.

Институттун директору Жавлон Вахабов куттуктоо сөзүндө Өзбекстан ар дайым дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго жана анын чыгармачылыгына өзгөчө урмат-сый менен мамиле жасап, анын руханий жана философиялык мурасын өтө жогору баалай турганын белгиледи.

Ал президент Шавкат Мирзиёевдин "Өзбекстандын Орто Азиянын маданиятына таасирин Византиянын Россияга тийгизген таасири менен салыштырууга болот деген сөздү чыныгы дос гана айта алат" деп Чыңгыз Айтматовдун өзбек калкы үчүн жасаган иш-аракеттерине чоң баа бергендигине атайын токтолду.

"Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер, дасыккан дипломат Айтматовдун чыгармаларын кайра окуп, анын көрөгөчтүгүнө, анын саясий көз караштары менен идеяларынын Борбор Азиянын учурдагы өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары менен шайкештигине күбө болобуз", - деди ал.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кеңешчиси Бакыт Асангулдун айтымында, Чыңгыз Айтматовдун түбөлүктүү көркөм жана философиялык мурасы кыргыз элинин эле эмес, башка дүйнө элдеринин да руханий байлыгы жана сыймыгы.

"Айтматовдун чыгармалары адам баласын аруулукка, улуулукка, асыл дүйнөнү таанууга үндөп, акыл-эс менен сүйүүнүн барынан терең жана бийик экенин даңктаган, дүйнөлүк цивилизациянын агымын баамдап, турмуштун, тирүүлүктүн маңызын талдап, аны көркөм туундуга айландырган бүтүндөй бир доордун үнү, келечектин чындыгы, анын өзү болсо өзгөчө бир руханий феномен", - деп белгиледи дипломат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбек улуттук академиялык драма театрынын артисттери Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча "Момо ер" ("Эне талаасы") спектаклинен үзүндү тартуулады. Толгонайдын үй-бүлөсүнүн турмушун баяндоо аркылуу аймагыбыз элдеринин тарыхый тагдырларын, жаркын келечекке болгон үмүтүн чагылдырган улуу жазуучунун адабий мурасы катышуучуларда өзгөчө маанай жаратты.

Кеченин алкагында уюштурулган "Ч. Айтматов жана Өзбекстан" аттуу китеп жана сүрөт көргөзмөсүндөгү, ошондой эле Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданият борборунун активисти Расия Жуманазарованын "Оймолор обон салганда" автордук көргөзмөсүндөгү китептер, сүрөттөр жана кыргыз улуттук буюм-тайымдары катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.

Жарыш сөзгө чыккандар Ч.Айтматовдун адабий мурасы жана анын саясий идеялары, алардын коомдук жараяндарга тийгизген таасири, мамлекеттүүлүктү өнүктүрүү жана аймактагы өлкөлөрдүн элдеринин достугун чыңдоого кошкон салымын талкуулашты. Ошондой эле эки коңшу өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын жалпы тарыхка, эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Чогулгандар улуу жазуучунун жана дипломаттын адабий чыгармачылыгы жана коомдук-саясий көз караштары бүгүнкү күндө да олуттуу бойдон калып, элдердин ортосундагы өз ара ынтымакты жана достукту чыңдоого, жаңы Борбор Азияны биргелешип курууга көмөктөшөөрүн белгилешти.

Иш-чарага Ч.Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-президенти Динара Жумабаева, бир катар чет өлкөлөрдүн дипломаттары, расмий жана илимий мекемелер жана коомчулуктун, Өзбекстандын Кыргыз улуттук маданий борборунун өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн студенттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий