• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ташкентте кыргыз композитору Муратбек Бегалиевдин концерти өттү

Маданият 0

Ташкент, 21.07.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Ташкентте белгилүү композитор жана педагог, музыкалык жана коомдук ишмер, музыкалык маданият жана билим берүү тармагындагы белгилүү инсан Муратбек Бегалиевдин автордук концерти өттү.

Кыргыз композиторунун "Сагындым", "Шырылдан", "Тагдырым болчу сен менин", "Апокалипсис", "Ысык-Көлдү сагынуу", "Ата-Мекен", "Кыргызстан" аттуу белгилүү чыгармалары КР Эл артисти Бакыт Абыкеев, КР Эмгек сиңирген артисти Уланбек Качкыналиев, эл аралык сынактардын лауреаттары Аксай Мукамбет уулу, Атахан Айбек уулу, Миран Жанарбаев, ошондой эле өзбекстандык солист Фатима Турсунбаева тарабынан жогорку деңгээлде аткарылды.

Ѳзбекстан композиторлор уюмунун тѳрагасы, белгилүү композитор жана профессор Рустам Абдуллаевдин айтымында, Муратбек Бегалиев дүйнѳлүк денгээлдеги композитор.

"Муратбек Бегалиев ѳзүнүн кайталангыс чыгармалары менен дүйнѳлүк маданиятка, ошондой эле ѳзбек жана кыргыз маданиятын ѳсүп ѳнүгүшүнѳ зор салым кошту. Бүгүнкү концерт элдерибиз достугун даңазалаган майрам болду", - деп белгиледи ал.

Концерт башкы дирижер Алибек Кабдурахмановдун жетекчилиги астында Өзбекстандын улуттук симфониялык оркестринин жана Дилорам Каримованын жетекчилигинде концерттик хор тарабынан коштолуп турду.

Иш-чара Өзбекстандын Мамлекеттик консерваториясынын концерттик залында толук аншлаг менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий