• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ташкентте кыргызстандык жазуучунун чыгармасынын бет ачары өттү

Маданият 0

Ташкент, 08.11.24. /Төлөнбай КурбановКабар/. Күн мурун Ташкент шаарында кыргызстандык жазуучу Махмуджон Казакбоевдин “Өзбекхан” аттуу китебинин бет ачары өттү.

Автордун айтымында, белгилүү окумуштуу Лев Гумилёвдун инсаният тарыхында жашаган адамдардын эмоционалдык жана руханий күчтөрүн, алардын уникалдуу өзгөчөлүктөрүн билдирген пассионардуулук концепциясы романдын идеялык негизин түзөт.

“Анткени, пассионардуулук — бул стихиялуу процесс, анда “көрүнүктүү инсандардын” ишмердүүлүгү тарыхты белгилебейт, бирок ошол эле учурда жеке максаттарга жана көз караштарга ылайыкташтырылышы мүмкүн. Маанилүү аспекттеринин бири — пассионардуу инсандардын болушу, бул адамзаттын өнүгүшүнө жана өз ара аракеттенүүсүнө таасир этет. Чыгармада баяндалган Өзбекхан мына ошондой пассионардуу инсан болуп жаңы тарыхый доор жаратууга жигердүү салым кошкон”,-дейт жазуучу.

Романда Чынгызхандын урпагы болгон Өзбекхан – Алтын Ордонун тарыхында өтө маанилүү фигуралардын бири катары сапатталат. Анын 1313–1341-жылдар аралыгында Алтын Ордону башкарган жана анын бийлиги тушунда мамлекеттин саясий, экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымына кенен орун берилген. Ошондой эле Өзбекхандын башкаруусу менен ислам дини Алтын Ордодо расмий дин катары кабыл алынган, бул чечим мамлекеттин жана анын элдеринин келечектеги өнүгүүсүнө терең таасирин тийгизгени чебердик менен баяндалат.

Романда баяндалган окуялар байыркы Хорезм, Волга аймагы, Крым, Египет жана Араб өлкөлөрүндө болуп өтөт. Чыгарма түрк тилдүү жана Борбор Азия элдеринин тарыхын үйрөнүүдө чоң мааниге ээ.

Махмуджон Казакбоев 1966-жылы Кыргызстандын Ош шаарында этникалык өзбек үй-бүлөсүндө туулган. Алгачкы кесиби сүрөтчү болгон, кийин тарыхый маалыматтарды изилдөө процессинде китеп жазуу ниети пайда болот. Жазганды үйрөнүү максатында Ош шаарындагы жергиликтүү гезиттерде кабарчы болуп, журналисттик ишмердүүлүгүндө бул тармактын олуттуу багыты болгон аналитикалык аналитика жанрында жаза баштаган. Ошол эле учурда анын «Оорулуу оорунун тарыхынан», «Арак думасы же Түркстандын каргашасы» деген саясий памфлеттери жарык көргөн.

Мындан сырткары, ал Ош шаарындагы республикалык өзбек тилдүү «Мезон», «Вечерний Ош» гезиттеринде түрдүү кызматтарды иштеген. 2000-жылдан бери «Алянс-Пресс» маалымат агенттигинин директору, бул агенттиктин улуттук «Демос таймс» жана «Время народа» гезиттеринин башкы редактору. Өзбекхан тууралуу китеби алгач 2004-жылы Ошто башталып, Бишкекте уланган жана Ташкентте соңуна чыкты.

Пикир

Оставить комментарий