• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ташкентте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент шаарында тар жана кеңейтилген курамда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык кызматташуунун, инвестиция жана энергетика, айыл чарба ж. б. тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу пикир алмашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаров менен саламдашуу учурунда Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформаларды жогору баалап, экономикалык өсүштү, өнөр жай өндүрүшүнүн гүлдөп-өнүгүшүн, жаңы инфраструктуралык долбоорлордун түзүлүшүн белгиледи. "Өзбек эли боордош кыргыз элинин ийгиликтерине чын дилинен кубанат. Өзбекстан мындан ары да кыргыз элине ар тараптуу колдоо көрсөтөт, анткени бизге күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн кошуна – Кыргызстан керек", - деп белгиледи ал.

Өзбекстан президенти бүгүнкү жолугушуу мурда жетишилген макулдашууларды жана бардык маселелерди ишке ашыруунун жүрүшүн терең талдоого, ошондой эле келечекте өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы күн тартибин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге мамлекеттик сапар менен келүүгө расмий чакырганы, жылуу кабыл алганы жана жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Ош облусунун Ноокат районундагы суу ташкынынан жабыр тарткан кыргызстандыктарга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык сөздөрүн айтты.

Ал жаңы эле өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, азыркы учурга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланганын, биргеликте келечекке жаңы пландар белгиленгенин айта кетти.

"Кыргызстан Өзбекстан менен тыгыз достукту жана коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө даяр. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы биздин мамлекеттер аралык мамилелердин ырааттуу өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенем.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы жакын коңшулар, ишенимдүү достор жана стратегиялык өнөктөштөр болуп саналат. Кыска убакыттын ичинде биз чоң секирик жасап, эки тараптуу мамилелерди толугу менен жаңы деңгээлге көтөрө алдык.

Мамлекеттик чек ара маселелери чечилди, экономика, энергетика, транспорт, гуманитардык жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлор жигердүү илгерилөөдө, парламенттер аралык жана региондор аралык кызматташтык күч алууда. Өзбекстан менен көп пландуу кызматташтыкты бекемдөө - Кыргызстандын тышкы саясатынын эч талашсыз артыкчылыктуу багыты болуп саналат", - деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Президент кол коюп жаткан Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен билдирүү буга ачык-айкын далил экенин айтты.

Ал эки өлкөнүн өкмөттөрү жакынкы жылдары өз ара сооданы эки эсе көбөйтүү максатын койгонун кошумчалады. Өкмөттөр эки тарап ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча активдүү иштерди улантууда. Биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын Кызматташтык кеңеши биздин аймактар ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да арттырууга багытталган.

Кыргызстан Өзбекстан менен чек араны демаркациялоо процессин тез арада аяктоого жана эки тараптуу мамилелерди Союздаштык деңгээлине чыгарууга кызыкдар экенин айтып, Президент өткөн жылдын январь айында Өзбекстан президентинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешти түзүү жөнүндө жетишилген макулдашууну эске салды.

Садыр Жапаров июнь айында Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын төртүнчү жыйыны өткөнүн канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстандын президенти өз сөзүндө боордош Өзбекстан менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары активдештирүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Садыр Жапаров бир күн мурда өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча жетишилген бардык макулдашууларды, кол коюлган келишимдерди тараптардын өкмөттөрү ийгиликтүү ишке ашырарына ишенимин билдирди.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ичинен мамлекет башчысы Чүй облусундагы жеңил унааларды жана айыл чарба техникасын чогултуучу заводду, ошондой эле текстиль фабрикасын өзүнчө атап өттү.

Ал башталган жана ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган бардык долбоорлор кыргыз-өзбек кызматташтыгынын бүтүндөй комплексине кубаттуу жаңы дем берерин белгиледи. Тактап айтканда, президент Камбар-Ата ГЭС-1, Чаткал дарыясындагы ГЭС, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, “Чаткал-Ташкент” багытындагы автожолдор жана башкалар боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты белгилеп, Садыр Жапаров Өзбекстанда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү, анын ичинде бир катар иш-чаралар өзбек көрүүчүлөрүн кыргыз элинин маданияты менен жакындан тааныштыруу максатында болуп жатканын айтты.

Президент ырааттуу өнүгүп жаткан билим берүү тармагына токтолду. Күн мурун мамлекеттик сапарга карата Самаркандда Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖ ректорлорунун Экинчи эл аралык форуму ийгиликтүү өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери эки тараптуу кызматташуунун бардык спектрин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин жакшылап талкуулашты. Атап айтканда, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, транспорт жана логистикалык өз ара аракеттенүү, туризм ж.б.маселелер талкуу болду.

Жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар эки мамлекет үчүн конкреттүү натыйжаларга жетишүүдө жана жакынкы жана узак мөөнөттүү мезгилге пландаштырылгандарды практикалык ишке ашырууда айкын бир жол көрсөткүч болуп берерине ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий