• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ташкентте ТМУнун медиа жана маалымат суроолору боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Маданият 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. 18-19-декабрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) медиа жана маалымат маселелери боюнча жумушчу тобунун 11-жыйыны өттү.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Өзбекстандын президентинин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги жана ТМУ катчылыгы тарабынан уюштурулган.

Учурда ТМУга беш мамлекет мүчө, алар: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан. Ошондой эле Венгрия жана Түркмөнстан уюмда байкоочу статусуна ээ.

Жыйындын алкагында маалыматтык чөйрөдө ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, глобалдык маалыматтык доордо жалган маалымат жана фейк жаңылыктар менен күрөшүү сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Дезинформацияга каршы күрөштөгү жетишилген натыйжалар жана жетишкендиктер, болгон кемчиликтер, көйгөйлөр, натыйжалуу чечимдерди издөөдө кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө ТМУга катышкан өлкөлөрдүн делегаттары баяндамалар менен чыгып сүйлөштү.

Ошондой эле жыйындыг алкагында ТМУнун медиа жана маалымат суроолору боюнча министрлеринин жана жогорку даражалуу кызмат адамдарынын 6-жыйыны өттү.

Аталган кеңешменин алкагында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн маалыматтык өз ара аракеттешүүсү, кызматташтык, өз ара мамилелер маселелерин кеңейтүү жана уюмга мүчө мамлекеттердин потенциалын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда иштин негизги жыйынтыктарынын бири Ташкент Коммюникесин кабыл алынып, ага кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий