• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кол коюлган Мыйзам Кыргыз Республикасынын ири шаарларында бир катар көрсөткүчтөр боюнча чектик жол берилген концентрациядан ашкан жана калктын ден соолугуна кооптуу болгон абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Мыйзамда бизге ташылып келген жана биздин өлкөдө өндүрүлгөн электромобилдерге, электр заряддочу станцияларга жана алардын запастык бөлүктөрүнө (комплекттөөчүлөргө) салыктык преференциялар, ошондой эле техникалык кароо жүргүзүүчү диагностикалык борборлордун жоопкерчилиги каралат.

Мыйзамдын 1-беренесин кошпогондо, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аны күчүнө кирүүсүнүн башка тартиби белгиленбесе, Мыйзамдын 1-беренеси ал расмий жарыяланган кийин 2 айдан эрте эмес, кийинки салыктык мезгилдин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий