Бишкек, 08.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрда “Таза Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өлкө аймагында жалпы республикалык ишембилик өттү. Ага бир катар министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери катышты.
Алсак;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
- Коргоо министрлиги;
- Ички иштер министрлиги;
- Саламаттык сактоо министрлиги;
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- Экономика жана коммерция министрлиги;
- Жогорку сот;
- Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Бишкек жана Ош шаардык мэриясы.
Белгилей кетсек, президент тарабынан башталган “Таза Мурас” акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.
Пикир
Оставить комментарий