• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Таза шайлоо өткөрүүгө мамлекет тарабынан кандай шарттар түзүлүүдө?

Маек 0


Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Саналуу күн мурда шайлоону утурлай үгүт өнөктүгү башталды. Бул шайлоо юридикалык, техникалык жактан да, саясий өңүттөн алганда дагы мурдагы шайлоолордон бир топ айырмаланганы турат. Мына ушул айырмачылыктар тууралуу “Кабар” агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен маектешип, алдыдагы шайлоого байланышкан бир катар суроолорго жооп алды.

Саламатсызбы, Нуржан Кармабековна. Жакында эле президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, шайлоого активдүү катышууга чакырды жана татыктуу депутаттарды тандап алууну жарандардан суранды. Негизи эле буга чейин бийликтин партиясы, бийлик сүрөгөн талапкерлер деген түшүнүк бар эле, бул кайсы бир деңгээлде шайлоого элдин пассивдүү катышышын шарттаган. Азыр эми бийлик кескин түрдө айтып жатат, бийлик шайлоого аралашпайт, эл өзү тандоо жасайт депчи. Негизи эле мамлекет башчысынын кайрылуусу азыркы саясий абал, шайлоонун эркин жана активдүү өтүшүнө канчалык шарт түзөт?

Саламатчылык. Президенттин кайрылуусу абдан маанилүү. Анткени бул шайлоого карата мамлекет башчынын саясий позициясын белгилейт. Шайлоо системасы реформаланып келе жатат. Ошол реформанын эң негизги максаты – бул эркин шайлоо системасын түзүү, бардык шайлоочуларга тандоо жасоого жана талапкерлерге шайланууга шарттарды түзүп берүү. Бул максат Конституция боюнча дагы, шайлоо мыйзамдары боюнча дагы мамлекеттин милдети дагы болуп саналат. Мен ойлойм мамлекет ушул багытта дүйнөлүк демократиялык эркин шайлоо үчүн белгиленген стандарттарды жасоого азыр көп аракет кылгандыктан, бардык шарттар түзүлдү. Добуштар, шайлоочулар эсепке алынат, так саналат, ушул биринчи стандарт орнотулду. Экинчиден, коомчулук тарабынан көзөмөл, байкоо жүргүзүү үчүн бүт инструменттер дагы биздин системада бар. Бардыгы ачык-айкын жарыяланып, аны көзөмөлгө алууга бир нече инструменттер бар. Эркин байкоо жүргүзүүгө дагы бардык шарттар каралган. Демек, мамлекет тарабынан милдеттүү түрдө аткарылчу иштер, шарттар түзүлдү. Муну эл аралык байкоочулар, мисалы, дайыма дүйнөлүк мониторинг жүргүзүүчү институттар өзүлөрүнүн корутундуларында дагы Кыргызстанда шайлоону чыныгы атаандаштыкта жүргүзүү үчүн укуктук шарттар бар экенин белгилеп кеткен. Мен ойлойм, өлкө башчысынын кайрылуусу абдан туура жана түз кайрылуу болду. Анда талапкерлерге да кайрылды. Анткени ошол убакта талапкерлерди көрсөтүү жүрүп жаткан. Ошондон кийин активдүүлүк дагы жогорулады, жер-жерлердеги биздин аймактык шайлоо комиссияларына көп жаңы талапкерлер акыркы эки күндө абдан көп келди. Биринчиден, мамлекет башчысы жергиликтүү кеңештердин ролун белгилеп кетти. Анткени өлкөбүздө административдик-аймактык реформа жүргүзүлдү, бул өз алдынча башкаруу системасынын абдан чоң оптимизациясы, жаңы өз алдынча башкаруу системанын түзүлүүсүндө, албетте, кеңештер өкүлчүлүктүү орган катары чоң роль ойнойт. Муну президентибиз да айтып өттү. Ошол роль, ошол жоопкерчиликти жаңы нормалардан да байкасак болот. Анткени кеңештер мурдагыдай төрт жылга эмес, беш жылга шайланат. Демек, туруктуулук азыр зарыл, өнүгүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туруктуу иши абдан зарыл болуп жатат деп өлкө башчыбыз белгиледи. Менин оюмча ошонун баары шайлоодо эске алынышы керек. Жарандар шайлоого катышып өзүнүн сөзүн айтып, татыктуу, жоопкерчиликтүү талапкерлерди тандашы кажет.

Мамлекет башчысынын ушул сөзүнө улай эле, босого пайыз реформанын алкагында 7 пайыздан 5 пайызга түштү. Бул дагы жаңы партиялардын, кесипкөй талапкерлердин өтүүсүнө шарттайт, аял депутаттардын квотасы боюнча маселе бар. Мына ушулар тууралуу кененирээк айтып берсеңиз...

Ооба, ушул маселеге абдан чоң маани берилген. Жогорку Кеңеш мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү карап жатканда бул маселелер талкууланган. Анткени Жогорку Кеңеш болобу, жергиликтүү кеңеш болобу, алар өкүлчүлүк кылуучу органдар, бул алардын бир функциясы. Калктын арасындагы социалдык топтордун бардык өкүлчүлүктөрүн камсыздоо бул шайлоо мыйзамдарында сөзсүз түрдө белгилениши керек. Анан аялдар боюнча айтсак, алар калктын 51 %ын түзгөн социалдык топ. Демек, алардын өкүлчүлүгү сөзсүз түрдө бардык деңгээлде камсыздалышы керек. Айылдык кеңештерге билесиздер, бардык мандаттардын 30 пайыздан кем эмес санда аялдар үчүн мандаттар резервде калтырылат. Азыр мисалы, 2185 мандат айылдык кеңештерде резервге калтырылган. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады, 2 миңден ашык мандатка 4 миңге жакын аял өздөрүнүн талапкерлигин көрсөттү. Мындан сырткары, шаардык кеңештерге босого 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөдү. Партиялар шайлоого катышкандардын 5% добушун алса, мандаттар пропорционалдык түрдө бөлүнөт. Бул дагы абдан маанилүү. Ошол административдик-аймактык реформанын алкагында көп айылдар бириктирилди, көп айылдар шаарларга кошулду. Ошол айылдарда дайыма мажоритардык система менен депутаттар шайланчу, ал жерде партиялар жок болчу. Талапкерлерди партиялар айрым эле айылдардан көрсөтпөсө, жалпысынан өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлер айылдык кеңештерге катышчу. Азыр ал жерде жаңы партиялар түзүлгөнүн көрүп жатабыз. Ошондой эле шаарда мурда катышып жаткан партиялар айылдардан да талапкерлерди өзүлөрүнүн тизмелерине камтып жатат. Парламентте дискуссия болгондо 7% же 5% болобу, балким мында чоң айырма жоктур деп айтылган, анткени көп шаарларда калктын саны аз, добуштардын санынын айырмасы 200 же 100 болот да. Бирок менин оюмча, негизги максат, өзгөчө жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде бул өкүлчүлүк орган чыныгы өкүлчүлүк орган болушу керек. Ошондуктан ушундай нормалар киргизилген. Анан дагы бир жаңы норма бар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шаардык кеңештердеги шайлоого катышуусун камсыз кылуу үчүн ар бир партия өзүнүн тизмесине бир талапкерден кем эмес сандагы кишини киргизиши керек. Бул өкүлчүлүк механизмдерди бекемдөөгө багытталган.

Байкоо же изилдөө болсо керек сизде, негизи эле шайлоочулардын активдүү жана пассивдүү болуусуна кандай факторлор таасирин тийгизет? Бул талапкерлергеби же мезгилге байланыштуубу?

Сиз айткан факторлордун баары эле маанилүү, бирок булар бири-биринен көз каранды. Мисалы, биз жаштар менен иштеп жатабызда анда шайлоочулар айтып жатышат, татыктуу талапкерлер жок, биз аларды көрбөй жатабыз деп, ошондуктан айрым шайлоочулар шайлоого барбайт. Же болбосо ишеним жок, биздин добушубуз эч нерсеге таасир этпейт депчи. Андан сырткары системага ишенбейбиз дегендер да бар. Шайлоого барбаган шайлоочулардын ар биринин өз себеби бар. Сиз айткан талапкерлер боюнча да маанилүү. Татыктуу талапкерлер дайыма активдүүлүккө фактор болуп саналат. Бирок, бул процесс бири-бирине көз каранды. Эгерде шайлоочулар азыраак шайлоого барса, анда добуш сатып алуусуз, өзүнүн күчүнө таянган жаңы бир талапкерлердин мүмкүнчүлүгү жок да шайланууга. Анан жаштар айтып жатышат, шайлоо коррупцияга малынган адамдар барбаса, депутат болбосо деп. Тескерисинче, ошондой адамдарга шайлоочулардын аз болгону абдан жардам берет. Анткени аз эле өздөрүнүн тарапташтарын сатып алып эле шайланууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот да. Ошондуктан көбүрөөк шайлоочулар шайлоого катышса, жакшы талапкерлердин катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстандагы шайлоочулардын 45%ын мениче жаштар түзөт. Ошол жаштар биригип өздөрүнүн өкүлүн шайлоого кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?

Туура айтасыз, 45%га жакын 18 жаштан 35 жашка чейин жаш шайлоочуларыбыз бар. Талапкерлердин арасында канча жаш талапкерлер бар экендигине анализ жүргүзүлүп жатат. Жаш шайлоочулар шайлоого катышуусу үчүн аралыктан добуш берүү да киргизилди. Жаштар биринчиден, өздөрүнүн потенциалын сезип, шайлоого катышып берсе, жакшы бир кадам болот эле. Кийинки Парламенттик шайлоодо биз башкы мыйзам чыгаруучу органды да шайлайбыз. Азыр жергиликтүү деңгээлде өкүлчүлүктүү орган шайланып жатат. Эки процесс тең абдан маанилүү. Биз Кыргызстан жаштар кыймылы менен бардык университеттерде түшүндүрүү, маалымдоо иштерин алып барып жатабыз.

Бизде ички жана тышкы миграциянын деңгээли жогору экендигин билсеңиз керек, жарандардын көпчүлүгү катталган жеринде жашабайт. Мындайда аралыктан добуш берүү механизми дарбар. Ал кандайча ишке ашат?

Аралыктан добуш берүү бул дистанттык добуш берүү деп да атайбыз. Бул ички миграциянын бийик деңгээлин дагы эске алуу менен киргизилди. Нормалар Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бирок ал жерде, жазылып турат, эсеп же электрондук добуш берүү жөнүндө чечим шайлоону дайындоодо өзүнчө чечилет. Ошондуктан президентибиздин жарлыгында Боршайкомго аралыктан добуш берүүнү ишке ашырсын деп тапшырма берилди. Биз муну эң туура чечим деп эсептейбиз. Анткени бизде көп жаштардын катарында 350 миңден ашык студенттерибиз бар. Бишкекте 160 миңден ашыгы билим алат экен. Биз өзгөчө жаштар, жалпы эле шайлоочуларыбыз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында 10 шайлоо тилкеси даярдалат. Бардык облустук борборлордо бирден, Бишкек шаарында 4 шайлоо тилкеси ачылууда. Алар коомчулук үчүн ыңгайлуу жерлерде, аянтчаларда ачылып жатат. Аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн 1-ноябрга чейин жарандарыбыз эгерде 17-ноябрда туруктуу катталган жеринде добуш бере албай тургандыгы белгилүү болсо, анда арыз берип, аралыктан добуш берүүгө жазылса болот. Бардык маселелер боюнча 1255 кыска номерине чалып, маалымат ала алышат.

Айылда каттоосу бар, бирок Бишкекте жүргөн шайлоочу борбор калаадагы шайлоо тилкесине барып арыз бериш керекпи?

Ооба, же болбосо туруктуу каттоодо турган шайлоо комиссиясына же пландаштырылган аймактык шайлоо комиссиясына же участкалык шайлоо комиссиясына кайрылса болот.

Эл үчүн иштейм деген, өзүмдү көрсөтөм деген саясий амбициясы жогору талапкер же депутат үчүн иштегенге мыйзамдагы мүмкүнчүлүктөр канчалык?

Азыр мурдагыдан да көп мүмкүнчүлүктөр, ыйгарым укуктар бар деп эсептейм. Анткени өз алдынча башкаруу системасында оптимизация болду, айыл өкмөттөр, мэрлер аткаруу бийлик жагынан дайындалды. Азыр биз өкүлчүлүктүү органды шайлоо аркылуу оптимизациялап жатабыз. Ыйгарым укуктары мурдагыдай эле кеңири, социалдык-экономикалык өнүгүү программаларды аныктоо, бюджет масесин чечүү, турмуш-тиричилик маселери, тарифтер, булар абдан маанилүү да баарыбыз үчүн. Ошолордун баарын аткарууда өкүлчүлүктүү органдар биргеликте иштешет. Алдыда өнүгүү программалары турат. Мен ойлойм, ак ниет менен коомчулукка, жергиликтүү жамаатына пайда алып келем деген жоопкерчиликтүү инсандарга эффективдүү иштегенге мыйзамда каралган чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий