• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Таза суу, үйлөрдү мыйзамдаштыруу — жаңы конуштардагы көйгөйлөр талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Азамат Дороев менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Алтын Ордо жаңы конушунун жана Полиция шаарчасынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, Кырман жаңы конушунда курулган 74 турак жайды мыйзамдаштыруу, ошондой эле Өскөн-Ордо конушундагы катуу таштандыларды чыгаруу маселесин чечүү каралды.

Ошондой эле Достоевский көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Куланак көчөсүнө чейинки жолдун курулушун улантуу маселелери жана Рухий-Мурас 8 көчөсүн дагы канализация тармагына кошуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген маселелерди чечүү үчүн бул багытта биргелешкен иштерди жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий