• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Тазабек Икрамов өз эрки менен депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин сурагынан кийин Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы ырастады.

Депутат кандай иш боюнча суракка чакырылганы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин депутаты болуп №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган.

Пикир

Оставить комментарий