Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы 29 бирдик атайын техника сатып алат. Бул тууралуу ишкананын башчысы Рамиз Алиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, техниканын 16-февралда жана 20-мартта келиши күтүлүүдө.
“Атайын техникалардын паркын кеңейтүү кызматкерлердин ишин жеңилдетип жана Бишкектен күнүнө 500 тоннага жакын таштанды чыгарууга мүмкүндүк берет”, - деди Алиев.
Пикир
Оставить комментарий