• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 12.12.23./Кабар/. Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Тазалык" муниципалдык ишканасы түнкү убакта карды тазалоого киришти. Түнкүсүн жолдорго туз чачуу иштери башталды.

Линияда 36 атайын унаа иштөөдө. Ошондой эле ишкананын 18 кызматкери тартылып, 382 тонна техникалык туз колдонулган.

Учурда тротуарлар жана аялдамалар дагы кардан тазаланып жатат. Карды тазалоого линияга ишкананын бардык кызматкерлери чыкты.

Пикир

Оставить комментарий