• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

«Тазалык» ишканасы таштандыны сорттоп сала турган урналарды жасай баштады

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. «Тазалык» ишканасы таштандыны сорттоп сала турган урналарды жасап чыгара баштаганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, ишкананын кызматкерлери жасаган урналар айнек, кагаз, желим жана башка калдыктарды иргеп таштоого ылайыкталган. Алардын баасы сатып алганга караганда кыйла арзан болот.

Мындай урналар азырынча Чүй-Манас жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөргө коюлду.

Бул иш-аракеттер жарандарды таштандыны иргеп таштоого үндөйт.

Пикир

Оставить комментарий