• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

“Тазалык" ишканасы жумушчуларды издейт

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасы жүктөгүч, айдоочу, тазалоочу жана ар кандай жумушчуларды издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, катуу таштандыларды жүктөө жана чыгаруу менен алектенген кызматкерлер аткарган ишине жараша 40 миң сомдон 65 миң сомго чейин айлык алышат. Ал эми айдоочу, тазалоочу, жүктөгүчтөрдүн эмгек акысы 38 миң сомдон 43 миң сомго чейин болот.

Толук маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Ростовская көчөсү, 19б жана Ала-Арчинская, 74а дарегине кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий