• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

“Тазалык” ишканасына 20 кар тазалоочу техника тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы келген атайын техникаларды тапшырды.

Муниципалититеттен билдиришкендей, ишкананын автопаркы дагы 20 кар тазалоочу техника менен толукталды.

Иш-чарага мэрдин орун басарлар, район акимдери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышып, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыкка техникалар жеринде тапшырылды.

Ошондой эле калаа башчысы “Тазалык” ишканасынын ишмердүүлүүгүн текшерип, карды тазалоого даярдыгын баалады.

Өз кезегинде, ишкананын директору Жолдош Чуштуков карды тазалоого 94 даана техника жана 750 кызматкер даярдалганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий