• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Тазалык" ишканасынын автопаркы жаңы техникалар менен толукталууда

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасына Бишкек мэриясы тарабынан быйылкы жылы 635 млн сом бөлүнүп, бул каражатка сынактын негизинде 126 техника алынды. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Жолдош Чуштуков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, техникалар заводдор менен түзмө-түз сүйлөшүлүп, арзан баада алынгандыктан 208 млн сом акча үнөмдөлүп, бүгүнкү күндө дагы 42 техника алууга келишимдер түзүлүүдө.

“Азыркы күндө бизге 40тан ашык жаңы техника келди. Алардын ичинде HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар бар. Ал унаалардын алдына кар күрөөчү шаймандар орнотулуп, кышкыга даярдалды. Дагы кышка карата Беларустан жана Кытайдан 20 техника келет”,- дедиишкананын жетекчиси.

Чуштуков белгилегендей, жаңы техникалардын келүүсү кызматкерлердин ишин жеңилдетип, ыкчам иш алып барууга шарт түзөт.

“Мурда шаарыбызда 26 техника карды күрөп тазалап жетишпей, кол менен да тазалоого туура келсе, учурда дагы 20 техника кошулуп жатат. Албетте, бул жумушту жеңилдетет. Андан тышкары, биз 25 Беларусь үлгүсүндөгү тракторлорду алдык. Булар тротуарлардын карын тазалап, карды түртүп, көчө шыпырган кызматкерлердин жумушун жеңилдетет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, "Тазалык" муниципалдык ишканасында учурда кышка карата даярдык кызуу жүрүп, 64 техниканын шаймандары жайкыдан кышкыга алмаштырылды. Шаар көчөлөрүнө себүү үчүн 3 миң тонна туз даярдалган.

Ишкананын директору белгилегендей, учурда “Тазалыктын” кызматкерлерин орточо айлык акысы 40-45 миң сомдун тегерегинде.

Пикир

Оставить комментарий