«Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.08.22 /Кабар/. Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көтөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы айда эмгек акы 2 миң сомго көбөйтүлдү. Бул акча 15-августта 127 КТК ташуучуга чегерилет

"Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо", - деп баса белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий