• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Тазалыктын" көчө шыпыргычтарынын эмгек акысы 40%га жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык кызматынын көчө шыпыргычтарынын эмгек акысы 40%га март айынан тарта жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, ай сайын өз ишин сапаттуу аткарган көчө шыпыргычтарга айлыгынын 30% өлчөмүндө сый акы берилип турат.

"Кызматкерлерге айлыкты жана сый акыны жогорулатуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын директору Рыспек Сарпашовдин колдоосу менен жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 8-мартка карата "Тазалыктын" айым кызматкерлерине сый акы берилери айтылат.

Пикир

Оставить комментарий