• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын минометтон аткылоону токтотту. Сүйлөшүүлөр уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Тажик тарап саат 22:15ке карата Кыргызстандын Достук айылын минометтон аткылоону токтотту. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.

Жарадар болгон кыргызстандык аскер кызматкеринин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Жоокер операцияга даярдалууда.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 12-апрелде, кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Окуядан кыргыз аскери жарадар болгон.

Пикир

Оставить комментарий