• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Тажикстан калкынын 70% эмгек мигранттарынын эсебинен жашайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Тажикстан Улутук банкы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, тажикстандык үй-бүлөлөрдүн 70 пайызга жакыны эмгек мигранттары которгон акчанын эсебинен күн кечирет. Калган 30 пайызы туугандарынын жана өздөрү тапкан кирешенин эсебинен жашайт.

Иликтөө быйыл жайында жүргүзүлүп, сурамжылоого эки миңден ашуун киши катышкан.

Улуттук банктын иликтөөчүлөрү аныктагандай, чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынан акча алган ар бир 5-6-киши каражатты турак жай курууга же батир алууга жумшайт, 11 пайызы же дээрлик ар бир онунчу киши акчаны той өткөрүү үчүн коротот. Калгандары автоунаа же зер буюмдарын сатып алып, болбосо бизнестерин өнүктүрүүгө жумшайт.

Орусиянын Борбордук банкы 2018-жылы Тажикстандын жеке жактарына акча жөнөтүүнүн көлөмү 2,5 миллиард доллар, ал эми 2019-жылдын биринчи жарымында 1,1 миллиард доллар түзгөнүн маалымдаган. Бул 2013-жылга караганда эки эсеге аз.

Орусиядагы экономикалык каатчылыктан улам мигранттардын кирешеси төмөндөгөнүнө карабай, Тажикстан үчүн Орусия эмгек мигранттарын иш менен камсыздаган негизги өлкө бойдон калууда.

2019-жылы акча которуунун 78 пайызын Орусияда иштеген тажик мигранттары жүзөгө ашырышкан.

Пикир

Оставить комментарий