• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

Тажикстанда бала бакчанын он кызматкери күйдүргү шеги менен ооруканага жаткырылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Худжанддагы жеке бала бакчанын кызматкерлери 25-августта ылаңдаган уй этин тамак-ашка колдонгондон кийин Сибирь жарасы шеги менен ооруканага жаткырылды.

Учурда бул окуя боюнча текшерүү жүрүүдө.

Оорукана жетекчилиги бала бакчанын он кызматкери, анын ичинде ашпозчу жана анын жардамчылары дарыланып жатканын маалымдады. 24-августта Курман айтка байланыштуу союлган уй эти бала бакчага берилген. Кызматкерлер аны балдардын тамак-ашы үчүн колдонбой, өз ара бөлүп алышкан.

Худжанд шаарынын инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Баходур Муминов бейтаптар 27-августта күйдүргүгө мүнөздүү тери жаралары менен түшкөнүн айтты.

Шаар бийлиги башка мекемелерде ылаңдаган мал этинин колдонулушунун алдын алуу боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Бул фактыны прокуратура текшерүүдө. Бала бакчага ылаңдаган уй этин ким таратканы аныкталган жок. Худжанд шаарынын санэпидемиологдорунун маалыматы боюнча быйыл аймакта эки жаран Сибирь кулгунасын жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий