• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Тажикстанда базарлар, мейманканалар жана сулуулук салондору иштей баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Душанбеде 15-июндан тартып кийим-кече саткан базарлар менен дүкөндөр, мейманканалар жана сулуулук салондору иштей баштады. Бийлик мындай чечимин «шаарда акырындык менен эпидемиологиялык абал турукташа баштагандыгы менен» түшүндүрүүдө.

Тажикстанда бардык азык-түлүк сатпаган базарлар, мейманканалар, ресторандар жана сулуулук салондору 30-апрелден бери иштебей турган.

Душанбе мэриясы 15-июнда кызмат көрсөтүү тармагында иштеген 10 200гө жакын киши ишмердүүлүгүн калыбына келтиргенин билдирди.

Дүйшөмбү күнү Тажикстандагы кийим-кече саткан эң ири «Корвон» базары ачылды. Соодагерлер менен кардарлар базарга дене табы текшерилип, беткап менен гана киргизилүүдө. Мындан тышкары базар кызматкерлерине адамдар ортосундагы социалдык аралыктын сакталышына көз салуу милдети жүктөлдү.

15-июндан тартып Душанбеде 123 чач тарач жана 173 сулуулук салону иштей баштады. Ошол эле маалда Тажикстандын аба мейкиндиги менен мамлекеттик чек аралары жабык бойдон калууда, жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тажикстандагы өкүлчүлүгү өлкө пандемиянын туу чокусунан өтө электигин айткан.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 5097 кишиге жетти. Алардын ичинен 50 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий