Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. 29-июнда саат 10:57де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Институттун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 320 чакырым, Ош шаарынан түштүктү карай 335 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Түштүк облустарда жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилди.
Пикир
Оставить комментарий