• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Тажикстанда доллардын курсу жогорулоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Тажикстанда АКШ долларынын курсу сомониге карата 10% ашык жогорулады.

Өлкөнүн Улуттук банкы жарыялаган расмий курска ылайык, 1 доллар 10,3 сомониден 11,3 сомониге кымбаттады. Каржы көзөмөл мекемеси мындай чечимин валюталык тобокелдиктердин таасири, ошондой эле расмий жана бейрасмий курстун ортосундагы айырмачылыкты 2% деңеээлде камсыздоо аракети менен түшүндүрүүдө. Акыркы күндөрү расмий жана бейрасмий курстун айырмачылы 9,3% болуп кеткен.

Мекеменин маалыматына караганда, доллар курсунун сомониге карата жогорулашына ага суроо-талаптын күчөгөнү, тышкы сооданын терс балансы, чет өлкөлөрдөн акча которуулардын жана чет өлкөлүк инвестициянын азайышы себеп болууда.

Быйыл январдан октябрга чейин улуттук валютанын долларга карата курсу 6,7% төмөндөгөн. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9 пунктка көп.

Тажикстанда 2016-жылдан бери банктарда гана акча алмаштырууга мүмкүн. Банктан тышкары операцияларды аткаруу үчүн мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Пикир

Оставить комментарий