• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тажикстанда Эгемендүүлүк күнү Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Тажикстанда 9-сентябрда, Эгемендүүлүк күнү Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке берилди. Ага өлкө башчы Эмомали Рахмон баштаган жогорку кызматтагы аткаминерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Тажик бийлиги Рогун ГЭСи өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ объект экенин белгилеп, ал толук кубаттуулукта иштей баштаса, Тажикстан энергетикалык көз карандысыздыкка жете турганын билдирип келет.

Гидроэлектр станциясынын алгачы агрегаты былтыр ноябрда салтанаттуу түрдө ишке киргизилген. Белгиленген долбоорго ылайык, ГЭСтин бул эки агрегаты убактылуу болуп эсептелет. Алар 2021-жылдан кийин башкаларына алмаштырылат.

Рогун Тажикстандагы эң кымбат долбоорлордун бири. Жыл сайын анын курулушуна Рогун ГЭСинин акцияларын жана баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн миллиондогон сомони жумшалып келет. Мындан тышкары долбоорго өлкө бюджетинен дагы каражат бөлүнүүдө. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы ГЭСтин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 222 миллион доллар бөлүнгөн.

Рогун ГЭСин куруу долбоору совет мезгилинде эле иштелип чыккан, бирок өлкөдөгү жарандык согуштан улам курулушу башталган долбоор токтоп, 2016-жылы гана улантылган.

Рогун ГЭСи алты агрегаттан турат. Долбоор толугу менен бүткөн соң жылына 17 миллиард кВт электр энергиясын өндүрөт. Тажик бийлигинин пикиринде, ГЭС бир эле Тажикстанды эмес, Ооганстан жана Пакистанды дагы электр кубаты менен камсыздоого кудуреттүү.

Пикир

Оставить комментарий