• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тажикстанда Эмомали Рахмондун инаугурациясы өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Тажикстанда кайрадан шайланган президент Эмомали Рахмон ант берди: президенттин кызматка киришүү аземи жума күнү өкмөттүк «Кохи Сомон» резиденциясында өттү. Ушуну менен Рахмон бешинчи жолу президенттик такка отурду.

Эмомали Рахмон республиканын Конституциясына колун коюп, Тажикстан элине ак кызмат кылууга ант берди.

Жаңы шайланган президент өз сөзүндө жакынкы жети жылда Тажикстан толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, коммуникациялык туңгуюктан чыгарын, транзиттик өлкөгө айланарын айтты. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо да стратегиялык тапшырма бойдон каларын белгиледи.

Тажикстандын башчысы акыркы жылдары өлкөнүн ички дүң өнүмү көбөйүп, жакырчылыктын деңгээли кыскарганын билдирди. Ал миграция маселесине да токтолуп, чет өлкөдөн иш издегендердин саны 1,1 миллиондон 460 миңге чейин кыскарганын белгиледи. Россия бийлиги болсо бир миллиондон ашуун тажикстандык мигрант бар экенин белгилеп жүрөт.

Эмомали Рахмон ант бергенден кийин парад өтүп, ага 7 миңден ашуун аскер кызматкери катышканы айтылды.

Тажикстанда 11-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Эмомали Рахмон шайлоочулардын 90% ашуун добушун алган.

Өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон буга чейинки төрт шайлоодо да утуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий