• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тажикстанда селден жабыркаган тургундар үчүн үйлөр курулууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Хатлон облусунун Хуросон районундагы Чорбог айылында селден жабыркаган тургундар үчүн 60ка жакын үй курулууда. Бул тууралуу 28-июнда облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Курулуп жаткан 56 үйдүн дубалы толук тургузулду. 26 үйдүн чатыры жабылып жатат», — деп билдирди акимчилик өкүлү.

Бахтиёр Жабборзода аттуу жергиликтүү тургун бийлик алардын көйгөйүнө нааразылык акциясынан кийин гана көңүл бура баштаганына нааразы экенин билдирди.

«Селден кийин үч күн бизге эч ким көңүл бурган эмес. Убактылуу тааныштарыбыздын, коңшу айылдагы туугандарыбыздын үйүнө жайгашууга аргасыз болгонбуз. 17-майда Бохтар-Душанбе жолун бир нече саатка тоскондон кийин гана облус башчысы, вице-премьер келип, көңүл бурула баштады. Коңшу жайгашкан Партсъезд айылынын тургундары селден кийин дароо нааразылык акциясын өткөрүп, бийлик ошол эле күнү жардам бере баштаган. Азыр аларда баары жакшы», — деди ал.

15-майга караган түнү нөшөр жаандан улам Хуросон районундагы бир нече айылда сел жүрүп, ондогон үйдү суу каптап, эгин талааларын жууп кеткен. Айылдын эки тургуну каза болгон. Атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгым 7 миллион сомони (680 миң доллар) болгонун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий