• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Тажикстанда жарыкты өчүрүүлөрдөн улам ишкерлер чыгашага учуроодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Душанбеге жакын райондордо электр энергиясы таңкы саат 5тен 10го жана 16:00дөн 23:00гө чейин гана берилүүдө. «Барки Точик» энергохолдинги бул кышка даярдык көрүүнүн алкагындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирүүдө.

Рудаки районунда жашаган ишкер Ромизи Хайриддин айтымында, электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр бир жумадан бери уланууда. «Биз себептерин сурасак жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлүп жатканын айтышты. Бирок түңкү саат 11де кайдагы оңдоо иштери болмок эле? Жарыктын жоктугунан улам кечээ эле 340-350 сомонилик (38 долларга жакын) эрип калган балмуздакты ыргытууга туура келди. Муздаткычтар иштебегендиктен айрым азыктар бузулуп кетип жатат», - деди ал.

Жергиликтүү ишкерлердин дагы биринин айтымында, ошол эле маалда «Тажикстандарт» ишканасы да текшерүүлөрүн күчөтүүдө. «Алар электр жарыгы жок экенин уккулары да келбейт. Дароо эле айыппул жазып жатышат. Кечээ эле жаңы сүт азыктарын алып келгенбиз. Бүгүн болсо алар бузула баштады», - деди ишкер.

«Барки Точик» компаниясынан өлкөдө электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп жатканын жана ал кышка даярдык көрүүнүн алкагындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдиришти. «Биздин адистер өлкө боюнча электр жабдууларын оңдоо менен алектенип жатышат. Мындай профилактикалык иштер жыл сайын кыштын алдында жүргүзүлүп турат. Алар кышында калкты үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылуу үчүн керек», — деди компаниянын расмий өкүлү Нозиржон Ёдгори. Анын айтымында, өчүрүүлөр 1-2-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий